Сен деп соккон жүрөгүм.

1 490

Сен деп жүргөн жүрөгүм,
Сенсиз абдан жүдөдү.
Келсең жакын, алтыным,
Жарык болоор күндөрүм.

Сагындым, мөлтүр көзүңдү,
Балдай таттуу сөзүңдү.
Кыялым жетпес асманга,
Көрбөй калсам өзүңдү…

Сүйөм сенин мүнөзүң,
Баладай таттуу күлөсүң.
Жаным деп жылуу карасаң,
Жалындай ойнойт жүрөгүм.

Кудайдын өзүң белеги,
Бактымдын менин себеби.
Бала кыял мүнөзүң,
Мас кылып мени келеби…

Январь, 2016

Оставьте ответ