Вирустук билдирмелер же шаарыбызды айланып өткөн суук кабар…

1 573

Шумдук!

Заман кайда баратат?

Биздин арабызда ушунчалык сабатсыз адамдар бар экенине көптөн бери ичим ачышып келген эле, кечээ мага WhatsApp тан келген билдирмеден кийин такыр эле сууй түшкөнүм анык.

Кырсык каш-кабактын ортосунда демекчи, 9-феврал күнү, борборубуздун көчөлөрүнүн биринде “Мерседес” кичи автобусу жолдун жээгинде өтүүгө кам көрүп турушкан эне-баланы сүзүп кетти деген суук кабар калааны бир паста айланып өттү. Тилекке каршы, энеси оор жаракаттын айынан ооруканага жете бербей көз жумуп кетиптир. Ал эми, колундагы бир жарым жаштагы кызы да оор жаракат алып ооруканага жеткирилген экен, эртеси күнү бутунан ажырап калганы белгилүү болду. Ошол нерсени, кээ бир адамдар эми тийбей эле койсо болбойбу?

Мага келген билдирмеде, кыз оор жаракат алып, ага жардам керектиги, аны менен бирге атасынын (маркум эненин жолдошунун) аты жөнү менен номурун жазып жиберишиптир. Мен бул билдирмеде эч кандай четке чыгаарлык нерсени көргөн жерим жок, тескерисинче туура көрөм жана колдойм. Албетте, көп түкүрсө, көл болот демекчи, баарылап колдоо көрсөтсөк ал бечара кыздын дары-дармегине жана андан кийинки калыбына келүүсүнө чоң жардам болот. Бирок, ошол билдирме менен чоогу келген “канча кишиге кетирсеңиз, тыйын которулат экен кызга” деген билдирме аябагандай ачуумду келтирди.

Урматтуу замандаштар! WhatsApp тан сиздер жиберген билдирмелерге эч кандай акча, эч ким которбойт. Бир гана пайдалуу жери, ушул окуя жөнүндө кабардар болгон адамдардын саны көбөйөт. Алардын арасында, албетте, колунда бар да адамдар жолугуп жардам көрсөтөөрү мүмкүн. Ушул эле эки билдирме вирустук болуп бүгүн социалдык тармактарда да тарап жатышат. Мүмкүн сиздер, мунун эмнеси бар экен? – деп ойлоорсуздар. Бул нерседе эч кандай терс көрүнүш жок, урматтуу замандаштар. Бир гана нерсе, сиздер мен канча адамга жиберсем бул кызга ошончо тыйын которулуп жардам болот экен деп ойлоорсуздар. Бирок бул нерсе чындыкка жатпайт.

Мен жогоруда жазгандай арабызда ушул билдирмени боорукер адамдар окуп бул окуя менен таанышып, жардам көрсөтпөсө эле, эч кандай пайдасы жок. Ал эми билдирме вирустук болуп саналат. Мындай ыкманы негизи, көбүнесе интернет-алдамчылар жана көз боёмочулук менен алектенген адамдар колдонот. Алар интернет-тармагынан үрөй учурган окуяларды таап, же өздөрү ойлоп таап, оорукчан кичине наристелердин сүрөттөрүн көчүрүп, алар жардамга муктаж экендиктерин жазып өздөрүнүн реквизиттерин кошуп боорукер адамдардан акча которуусун же ушул маалыматты колдон келишинче Кудайдын ыраазычылыгы үчүн таркатып коюусун өтүнүп, же ошондой эле канча адамга жиберсең ошончо тыйын, тигил же бул дүйнөлүк корпорация которуп берет деген маалыматтар менен билдирме таратышат. Кээ бир биздин боорукер жана ишенчээк замандаштарыбыз, ошондой билдирмелерге ишенип, көрсөтүлгөн реквизиттерге акча которуп жиберип алданып калышат. Ошондуктан, урматтуу достор, сактыкта кордук жок дегендей баарыбыз сак бололу.

Айтмакчы, ушул бизде тараган билдирмедеги телефондун номуру чындыгында атасынын номуру бекен? Ким текшерди? Же абакта жатып алып, алдамчылык менен алектенген адамдардын биринин номурубу? Билгендер болсо, сураныч, ылдыйда жазып коюңуздар. Ал эми, бул билдирмени тараткандар, андан көрө банктан эсеп ачып ошону таратсанар пайдасы көбүрөөк боло тургандай.

Оставьте ответ