Өткөн күндөр…

590

Таң сүрүп, жарык түшүп калаарда,
Чыгаар чолпон жарык берип алыска.
Жалгыз булбул, сайрап берээр бакчада,
Салып замат кусалыка, санаага.

Келээр элес өтүп кеткен күндөрдөн,
Чымырап сыздап турган жүрөктөн.
Кундой сымал, бир заматта жарк этип,
Бүлүк салып жан дүйнөндүн түбүнөн.

Кайда барсаң, кете албассың өткөндөн,
Кылган ишиң, айткан азил сөзүндөн.
Кетсе да, алыс болуп көрүнбөй,
Чыга келээр, бир убакта өзүңдөн.

Кыңыр иштер көп жылдарга созулуп,
Билинээр, жашырсаң да чоголтуп.
Жазадан кете албассың кутулуп,
Абийир салып койоор укурук.

Толугу менен бүтө элек.

03.01.2014

Оставьте ответ