Балаң таштап кетпейби…?

1 820

Өзүңдөн калган туягың,
Улгайсаң карап келеби?
Алдан тайсаң капыстан,
Мээнетиң актап келеби?
Суу сурасаң, түнкүсүн,
Уйкудан туруп береби?
Кардың тойбой, ач болсоң,
Тамагын сунуп береби?
Алдан тайып турганда,
Аса болуп береби?
Чакырсаң бир күн, сагынып,
Ишин таштап келеби?
Түндө жолуң көрбөсөң,
Чырак болуп береби?

Тажатты ушул как баш деп,
Арага таштап кетпейби?
Тамакты таза жебейт деп,
Боорго муштап, теппейби?
Кандай жансың өлбөгөн,
Деп туруп, колун серппейби?

Кыйналып жаның турганда,
Бакпайм деп сенден качпайбы?
Оорусуң, бизге жугат деп,
Талаага таштап чанбайбы?
Кол көтөрүп, кор кылып,
Күнөөгө батып чаппайбы?

Карылык алса алыңды,
Балаң сүйүп карайбы?
Кайгырсаң жашоо өттү деп,
Бөлүшөбү санааңды?

02.02.2018

Оставьте ответ