Атама

579

Атама…

Такалып жарым жолдо кыйналганда,
Муңайып, демим жетпей кысталганда,
Атамдын кеп-кеңеши күч берээр,
Сабыр этип, алга көздөй басканга.

Турмуш кыйнап, жарым жолдо жыгылганда,
Жолубуздан четке буруп адашканда,
Кеңеш берип, атам колдоп тургузаар,
Түрткү болуп, туура багыт алганга.

Жашоонун тандоосунан жаңылып,
Кайгырсам тагдырыма таарынып,
Көтөрөөр атам өзү дем берип,
Кудайдан амандыгым суранып.

Ата ыйык, ата мээрим, жылуулук,
Ата үчүн, айткылачы… Не кылдык?
Алыска, сапар тартсак турмушта,
Күтүп жүрөт балдарынан жаңылык.

Эске келип балалыктан бир сабак,
Кетким келет ошол жакка тез узап.
Балам деп эркелеткен атама,
Баргым келет, көргүм келет бир убак.

Аман болсо ата учун баласы,
Ушул бакыт, унутпаган санаасы.
Ардактап ата көзү барында,
Сыйласак ошол дартка дабасы.

8.01.2016

Оставьте ответ