Асылкечим

721

Получайте обновления в реальном времени прямо на вашем устройстве, подпишитесь сейчас.

 Асылкечим, асылзатым, ардагым,
 Мага деп, өмүрүңдү арнадың.
 Махабаттын кереметин тартуулап,
 Ортобузда жылуулукту кармадың.
 
 Түнүмдү жарык кылып чырактай,
 Жаркырайсың жол көрсөтүп жылдыздай.
 Алыстан сапар тартып кечиксем,
 Жан эркем, күтүп жүргөн жол карай.
 
 Алган жарым, балдарымдын апасы,
 Таянаарым, бүт дартымдын дабасы.
 Сен деп дайым, өмүрүмдү сүрөмүн,
 Сен деп дайым, согуп жүрөт жүрөгүм. 

04.02.2021

Оставьте ответ

Этот веб-сайт использует файлы cookie. Мы предполагаем, что вы согласны с этим, но вы можете отказаться, если хотите. Согласен