Апама

593

Жылдар өтүп, күндөр санаа жаратып,

Бой жетип, айлар учуп санатып.

Апамдын жылуу колун сагынып,

Жете албадык, түйшүк-тоскоол жаралып.

Айылдан ысык жапкан нандарын,

Сагынып, эч бир жете албадым.

Түбөлүк жашасам да дүйнөдө,

Актаар бекем, аппак сүтүн апамдын.

Бой жетип, колдон чыгып, торолуп,

Жүрүп калдык кызмат-иш деп, созулуп.

Апам жүрөт күнү-түнү жол карап,

Сагынычын жүрөгүнө чогултуп.

Барганда, аппак жоолук салынып,

Тосуп алаар жолубуздан, сагынып.

Мээримин эч аябай уулунан,

Жалын берип жүрөк отун жаңыртып.

Оставьте ответ