Убакыт бар бардыгына тирүүлүктө

Убакыт бар бардыгына тирүүлүктө.
Кетирген каталарды түшүнүүгө,
Жүрөктө туткундалган таарынычты,
Сактабай, коё берип, кечирүүгө.

Убакыт бар тирүүлүктө бардыгына.
Артты карап, баскан жолго кылчайганга.
Адашкан жолубуздан кайра кайтып,
Максат коюп, алга көздөй умтулганга.

Тирүүлүктө жетиштикпи бардыгына?
Кеткендерди бул дүйнөгө кайтарууга?
Жетиштикпи кечиргенге таарынышсак,
Айып болсо, кечирим сураганга?

Келгенде акыр сааты аларга,
Узаганда кайтып келбес сапарга,
Айтылбаган сөздөрүбүз бош калып,
Күнөөбүз тоодой болот жарыкта.

Сүрөттөрүн тиктей карап жашылдана,
“Кечир” дейбиз, күйүп-бышып, албууттана.
Бирок кеч! Айтылбаган сөздөрүбүз,
Кала берет, жүрөгүбүз жаралана.

Баалабай, убагында жолугалбай,
Эки сап катыбызды жаза албай,
Өмүрдү түбөлүк деп ойлойбузбу,
Жакындарга жылуу сөздү айта албай.

Тирүүлүктө баалай билип жакындарды,
Кадырлай билеличи бул жарыктын.
Себеп жок, таарынышып-талашып,
Көңүлүн оорутпайлы адамдардын.

Айтаар сөз убагында айтылып,
Жүрсүнчү көңүлүбүз жай алып.
Таарыныч, куру намыс сезимдер,
Жүрөктө жүрө бербей сакталып.

Убакыт бар тирүүлүктө бардыгына,
Адашсак, жолубуздан кайтканга.
Сагынып, кусаланып, ой тартсак,
Сапар тартып, жандарына барганга.

Убакыт бар бардыгына тирүүлүктө,
Кечирүүгө, кек сактабай кечкенге.
Кыялды сактай бербей жүрөктө,
Максат кылып, биздин ага жеткенге.

23.10.2021
лирикапоэзиястихи
Комментариев (0)
Добавить комментарий